ЭЛ АРАЛЫК WORLDSKILLS КОНКУРСУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА СЫЙЛЫК БЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

19 Сентябрь 2024 ж. 13:48

Көрүлдү: 275

18-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик башталгыч билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гульнура Мамырова Кара-Кол шаарындагы №89 кесиптик лицейдин окуучусу Аяна Абдиталиповага, ОшМУнун Индустриалдык педагогикалык колледжинин окуучусу Жолдошбай кызы Наргизага жана Беловодское айылындагы №28 кесиптик лицейдин окуучусу Эльдар Бакировго ыраазычылык каттарды жана белектерди тапшырды.

post.title

Бул балдар 10-15-сентябрда Францияда өткөн эл аралык WorldSkills сынагына катышты. Алар сынактын жүрүшү жана атаандаштары тууралуу айтып беришти.

Гульнура Мамырова WorldSkills II Улуттук чемпионатын даярдоого жана өткөрүүгө каржылык каражат бөлүнөрүн билдирди.

Ошондой эле бүгүнкү күндө өнөр жай ишканалары өсүп жатканын, андыктан экономиканы өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы жумушчулар болгондуктан, ошол ишканалардын суроо-талабына жараша программаларды жаңыртышыбыз керектигин кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өнөктөштөр – «Касеф» коомдук фондуна жана «Айко-сейко» акционердик коомуна ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар