КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ 70 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

18 Сентябрь 2024 ж. 16:06

Көрүлдү: 233

18-сентябрда КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов, Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 70 жылдыгына арналган салтанатка катышты.

post.title

Салтанатта КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов республикага гана эмес, коңшу өлкөлөргө да ар тармактуу, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдаган окуу жайдын басып өткөн тарыхына токтолуп, алгачкы кыргыздын инженерлерин, механиктерин, архитекторлорун даярдаган университет бүгүнкү күндө жемиштүү иштеп жатканын баса белгиледи.

Ал университеттин жамаатын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Кыргызстанда техникалык билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө, квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор салымы үчүн Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин “Даңк” ордени менен сыйлады. Сыйлыкты аталган жогорку окуу жайдын ректору Чыныбаев Мирлан Койчубековичке тапшырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз куттуктоо сөзүндө биринен бири өткөн мыкты инсандарды окуткан университеттин жамаатына ийгилик каалап, анын өнүгүүсүндө ар бир ректордун салымы чоң, өзгөчө статус берген университеттен көптү күтөбүз деди.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаттары Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев жана Сеидбек Атамбаев КМТУнун бүтүрүүчүлөрү катары куттуктоо сөздөрүн айтып, бир нече мугалимдерди Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүнкү күндө окуу жайдын республиканын өндүрүшүнүн, курулушунун, экономикасынын үзүрлүү өнүгүшүнө салымы зор деп белгиледи.

«СТЭМ билими — бул келечектин кесиби. Илим, технология, архитектура… заман талабына ылайык адистерди даярдоо сиздердин колуңуздарда. Сиздер жараткан адистер канчалык сапаттуу болсо, өлкөбүздүн өнүгүшү да мындан да күчтүү болот. Силерди өнүгүү жолубузда жоопкерчиликтүү, жаратман жана чыгармачыл иштер күтүп жатат. Силерге эркиндик берүү менен чоң жетишкендиктерге жетиштик. Буга чейин билим, практика, илим болсо, азыр 4.0 деңгээли алдында турасыздар. Мындан ары дагы ийгиликтерди каалайбыз», — деди Д. Кендирбаева.

Мааракеге карата министр көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин төмөндөгү мугалимдерге тапшырды:

— Сандыбаева Аида Рысматовна, «Электромеханика» кафедрасынын доценти;
— Насырымбекова Паризат Курманбековна, «Автоматтык башкаруу» кафедрасынын ага окутуучусу;
— Мааданбекова Майрамкүл Жоломановна, «Экономика жана ишканаларды башкаруу» кафедрасынын доценти;
— Андашев Акылбек Жээнбекович, «Имараттарды долбоорлоо, куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш» кафедрасынын башчысы.

Ал эми министрликтин Ардак грамотасы менен “Электр энергиясы менен камсыздоо” кафедрасынын ага окутуучусу Асанов Азамат, “Архитектура” кафедрасынын ага окутуучусу Искендеров Уланбек, К.Курманалиев атындагы «Полиграфия» кафедрасынын доценти Байгазиев Мирбек жана «Көркөм жасалгалоо» кафедрасынын окутуучусу Молдосанова Нургүл министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар