АККРЕДИТАЦИЯНЫН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Автор: Документтик камсыз кылуу жана контролдоо бөлүмү

18 Сентябрь 2024 ж. 11:18

Көрүлдү: 239

17-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Улуттук аккредитациялоо кеңешинин мүчөлөрү менен аккредитациянын актуалдуу маселелери боюнча тегерек столго катышты.

post.title

Катышуучулар аккредитациялык агенттиктер жана аккредитацияланган билим берүү мекемелери тарабынан таануу талаптарын талкуулашты.

“Билим берүү системасында сапатты камсыздоо эң маанилүү фактор. Аккредитациялоону туура уюштуруу менен биз билим берүү уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулата алабыз жана алардын программаларын билим берүү стандарттарына шайкеш келишин камсыздайбыз», – деди Лира Самыкбаева.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлөрү жаңы ченемдик укуктук актыларга ылайык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин карап, өз ойлору менен бөлүштү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар