МИНИСТР КЫРГЫЗ-ГЕРМАН ТЕХНИКАЛЫК ИНСТИТУТУНУН 20 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Сентябрь 2024 ж. 18:11

Көрүлдү: 263

17-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргыз-Герман техникалык институтунун 20 жылдык мааракесине арналган “Эл аралык интеграциянын алкагында инженердик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү артыкчылыктар жана тенденциялар” эл аралык симпозиумуна катышты.

post.title

Министр Кыргыз-Герман техникалык институтунун окумуштуу, мугалимдерине институттун баркын, сапатын, рейтингин жогорулатуу менен билим берүү процессине катышуудагы маанилүү ордун белгилеп, мааракелик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева институттун окутуучулардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу, студенттердин академиялык алмашуу программаларын, иштерин жүргүзүүдөгү тең шериктештик ишин жогору баалады.

Буга кошумча министр Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы инженердик кадрларды даярдоо боюнча көп жылдык кызматташтык жана эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле институттун 20 жылдык мааракесине карата төмөндөгүлөргө Министрликтин ыраазычылык катын тапшырды:
* Берлинс техникалык институту,
* Кельн техникалык институту,
* Германиянын Академиялык алмашуу кызматы (DAAD),
* Цвиккау Батыш-Саксония институту,
* И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев,
* Кыргыз-Герман техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоева.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Герман техникалык институту 2004-жылы Германия менен Кыргызстандын ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түзүлгөн. Бүгүнкү күндө институт 14 инженердик багыт боюнча студенттерди даярдайт жана 1000ден ашуун студенти бар.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар