КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Сентябрь 2024 ж. 13:48

Көрүлдү: 592

16-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу республикадагы кесиптик лицейлердин директорлору менен кеңешме өткөрдү.

post.title

Жыйындын катышуучулары кесиптик лицейлерге окуучуларды кабыл алуу планынын аткарылышы, ишканалар менен келишимдердин ишке ашырылышы, Бишкек жана Чүй облусундагы окуу жайларда көзөмөл жана башкаруу системасын орнотуу, күз-кыш мезгилине даярдык жана WorldSkills II улуттук чемпионатын уюштурууну талкуулады.

Кабыл алуу планы 100% аткарылган, 2024-2025 - окуу жылында кесиптик лицейлерге бюджеттик негизде окуу үчүн 16 миң 500, контракттык негизде 642 адам тапшырган. Абитуриенттердин көпчүлүгү 9-класстын бүтүрүүчүлөрү же 10 миң 968 адам.

Абитуриенттердин өсүшү транспорт тармагында 2023-жылдагы 12,61%дан 2024-жылы 15,01%га чейин, маалыматтык технологияларда 8,16%дан 10,08%га чейин белгиленди.

Дуалдык (кош) окутууну уюштуруу боюнча ишканалар менен 12 миңден ашуун келишим түзүлгөн. Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлер келишимдердин негизинде жумушчуларга болгон суроо-талапты толук же 100%, Баткен облусунда – 69%, Нарын облусунда – 65% камсыз кылган.

Бишкек шаарындагы бардык кесиптик лицейлерде кирүүнү автоматташтырган каттоо үчүн көзөмөл жана башкаруу системасы иштесе, Чүй облусунда 2 лицейде иштөөдө. Ал эми Чүйдөгү башка лицейлер бул системаны орнотуу үчүн тендер өткөрүүдө.

Кесиптик лицейлерге көмүр камдоонун пландалган көлөмүнүн 52% (3041 тонна) жеткирилди. Министрдин орун басары даярдыкты октябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын берди.

10-15-сентябрда Францияда өткөн WorldSkills чемпионатына Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинин студенти Аяна Абдиталипова, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинен Наргиза Жолдошбай кызы, Беловодск айылындагы №28 кесиптик лицейден Элдар Бакиров катышты. Расул Абазбек уулу кесиптик лицейлерге WorldSkills II улуттук чемпионатына даярдыкты баштоону тапшырды. Белгилей кетсек, кеңешме онлайн форматта өткөрүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар