PISAга ДАЯРДАНУУ ҮЧҮН 3100 ОКУУЧУ ПИЛОТТУК ИЗИЛДӨӨГӨ КАТЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Сентябрь 2024 ж. 13:37

Көрүлдү: 352

16-сентябрдан 15-октябрга чейин PISA инструменттерин жана жол-жоболорун апробациялоо жүргүзүлөт.

post.title

Талаа изилдөөсүнө тандалып алынган мектептердин 3100 окуучу катышат.

2025-жылы Кыргыз Республикасынын 15 жаштагы окуучулары PISA билим берүүнүн сапатын эл аралык изилдөөнүн негизги этабына катышат.

PISA изилдөөсүнө катышуу Кыргыз Республикасынын окуучуларынын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтык Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнү өнүктүрүү багыты, реформалардын натыйжалуулугуна баа берүү болуп калат. Натыйжаларды талдоо окутуунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар