МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАГДЫРЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ – БИЛИМДЕ”

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

17 Сентябрь 2024 ж. 12:16

Көрүлдү: 548

17-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Информатика боюнча эл аралык олимпиадада (International Olympiad in Informatics) 2 күмүш, 1 коло медаль жана 1 ардак грамота алган окуучуларды сыйлады.

post.title

Министр окуучулар менен олимпиаданын жүрүшү, атаандаштары тууралуу баарлашып, талыкпастан окууга жана эмгектенүүгө чакырды. 

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөр билим менен өнүккөнүн айтып, Кыргызстандын тагдыры, келечеги – силерге окшогон билимдүү балдардын колунда деп белгиледи. 

Министр окуучуларга ноутбук, планшет жана ыраазычылык каттарды тапшырды. 

Кыргызстандык окуучулар 1-8-сентябрда Египетте өткөн Информатика боюнча эл аралык олимпиадада 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти. 

“Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар