КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЖАҢЫ РЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Сентябрь 2024 ж. 15:16

Көрүлдү: 712

Бүгүн, 16-сентябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаңы ректору Чонтоев Догдурбек Токтосартовичти окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырды.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобонун 2-пунктуна ылайык Чонтоев Догдурбек Токтосартович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы жетекчинин ишине ийгилип каалап, алдыда жоопкерчиликтүү иштер күтүп тургандыгын белгиледи.

Догдурбек Чонтоев 2018-жылдан бери Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору болуп эмгектенген.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-августунан бери КУУнун ректору болуп Төлөбек Абдырахманов иштеп келген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар