БИШКЕКТЕГИ №26 МЕКТЕПТЕ ОКУУ ПРОЦЕССИ ӨЗ НУГУНДА ЖҮРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

13 Сентябрь 2024 ж. 13:44

Көрүлдү: 774

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы №26 мектепте мугалимдердин жетишсиздиги боюнча аталган мектептин директору Жумгал Ботаеванын берген маалыматына ылайык төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Анын айтымында, жаңы окуу жылында №26 мектепте алгачкы жолу эки кыргыз классы ачылып, 1-класстар жети класска бөлүнгөн. Бул жылы мектепте 2300 окуучу билим алып, сабактар эки нөөмөттө жүргүзүлөт. Учурда мектепте окуу процесси өз нугунда жүрүп, сабактар толук өтүлүп жатат.

Сентябрдын башында аталган мектептен мугалимдер пенсия курагына, чет өлкөгө кетүүсүнө жана жеке үй-бүлөлүк абалына байланыштуу иштен кетишкен. Мындан улам мектеп жаңы окуу жылында 14 мугалимди ишке алган. Мектепке орус тили мугалим гана жетишпей келген, бирок ал маселе дагы чечилген. Ал орус тили мугалими мурунку жумушунан эки жумалык иш күндөрүн бүтүрүп, мектепке келет. Мындан сырткары музыка сабагынан 17 саатка, физикадан 12 саатка ваканттык орун бар.

Ошондой эле буга чейин мектептин башталгыч классы окуп келген №138 бала бакчанын кошумча имараты Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди. Бала бакчанын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, өз багытында иштеп баштайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар