МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ҮЧ АЙЛЫГЫН ЖАРЫЯЛОО ЖӨНҮНДӨ МИНИСТРЛИКТИН БУЙРУГУ ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Сентябрь 2024 ж. 16:07

Көрүлдү: 1174

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо максатында буйругу чыкты.

post.title

Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык билим берүү уюмдарында 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу белгиленет.

Мындан сырткары билим берүү уюмдарынын (мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү) жетекчилери мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата ички иш-чаралар планын иштеп чыгып, аткарууга алат.

Үч айлыктын жыйынтыгы боюнча салтанаттуу иш-чара 2024-жылдын 12-декабрында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өткөрүлөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар