МИНИСТР МАЛАЙЗИЯНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫН УЮШТУРУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Сентябрь 2024 ж. 15:02

Көрүлдү: 842

11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Малайзиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ильхам Туа Бин Иллиас менен жолугушту.

post.title

Тараптар STEM предметтери боюнча мугалимдерди англис тилине окутуу, кыргыз студенттеринин Малайзиянын университеттеринде билим алуусу үчүн бөлүнгөн квотанын санын көбөйтүү, Малайзиянын жогорку окуу жайынын филиалын Кыргызстанда ачуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Ильхам Туа бин Иллиас Малайзиянын ЖОЖдорунун көргөзмөсүн уюштурууну сунуштады. 

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары Малайзиянын билим берүү программалары жана маданияты менен таанышуу үчүн борборлорду ачуу боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар