МИНИСТР АРАБ АЯЛ ИНВЕСТОРЛОР СОЮЗУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Сентябрь 2024 ж. 14:23

Көрүлдү: 839

10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Араб аял инвесторлор союзунун президенти Хода Галал Ясса баштаган делегация менен жолугушту.

post.title

Тараптар балдарды өнүктүрүү, аялдарга көмөктөшүү жана жашыл экономика боюнча билим берүү тармагындагы долбоорлордун идеяларын колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары билим берүү тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Хода Галал Ясса ал жетектеген союздун (The Arab Women Investors Union) ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, 11-15-ноябрда Египпетте өтө турган  “Араб-Африка инвестициялары жана эл аралык кызматташтык” саммитине (Arab African Investment and International Cooperation Summit) министрге чакыруу баракчасын тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар