Мектептердин социалдык педагогдору үчүн онлайн-семинар өткөрүлүүдө

Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы

11 Февраль 2022 ж. 23:15

Көрүлдү: 1432

Зордук-зомбулук көйгөйлөрү бүгүнкү күндө балдарга карата гана эмес, жалпы эле коомго терс таасирин тийгизе баштады. Зордук-зомбулук балдардын өмүрүнө жана физикалык ден соолугуна гана залал келтирбестен, балдардын эмоционалдык жыргалчылыгына жана келечегине да чоң коркунуч туудурууда. Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү республиканын мектептеринин социалдык педагогдору, мектеп директорлору жана алардын орун басарлары үчүн онлайн семинар өткөрүп жатышат.

post.title

Билим берүү жана илим министринин орун басары Н. Джусупбекова белгилегендей, онлайн семинар Жалпы билим берүү уюмдарында балдарга карата ырайымсыздыктын жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Онлайн семинарда Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г. Абдылдаева, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти У. Мамбетакунов, аталган Академиянын көп тилдүү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д. Орусбаева жана Академиянын инклюзия лабораториясынын башкы адиси А. Аземовалар баяндама жасап, презентациялары менен тааныштырышты.

У. Мамбетакуновдун айтымында, онлайн семинарда бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн актуалдуу темалар, атап айтканда, жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу, мектеп окуучусун тарбиялоодогу педагогикалык ыкмалар, өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен ынтымактуу жамаатты түзүү сыяктуу актуалдуу темалар козголууда.

Семинардын катышуучулары тажрыйба алмашып, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулашууда.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар