БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Сентябрь 2024 ж. 12:38

Көрүлдү: 1102

Билим берүү жана илим министрлиги Чүй облусунун Сокулук районунун Комсомол айылындагы мектепте 9-класстын окуучусунун каза болгондугу тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Окуя 2024-жылдын 5-сентябрында сабактан тышкаркы убакта болгон. Балдар бул күнү сабактан кийин мектептен чыгып кетишкен. 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала мектептен 2 км. алыстыкта жайгашкан жерге 9-класстын окуучуларын (болжолдуу 25-30 бала) чогулткан. Анда өз ара чечишип алган соң 20дай бала кетип калган.

Б.С. аттуу бала калган балдарды тизип алып уруп жатканда, 2009-жылы туулган Э.А. аттуу бала өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Балдар ошол жерден ага жасалма дем алдыруу жасап, бетине суу чачышкан, бирок бала өзүнө келбегендиктен “тез жардам” чакыртышкан.

Аталган окуяга байланыштуу кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала кармалып, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза даярдалып, Сокулук РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн билим алуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.

https://cbd.minjust.gov.kg/4-3419/edition/1273902/kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар