КЫРГЫЗ КОМАНДАСЫ БИРИНЧИ ЖОЛУ WORLDSKILLS ЭЛ АРАЛЫК ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

10 Сентябрь 2024 ж. 12:12

Көрүлдү: 871

10-15-сентябрда Кыргыз командасы Франциянын Лион шаарында өтө турган WorldSkills кесиптик чеберчиликтердин 47-эл аралык чемпионатына катышат.

post.title

Лиондо Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейинин студенти Аяна Абдиталипова “Ашпозчулук иши” категориясында, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинен Наргиза Жолдошбай кызы Мода технологиясы категориясында, Беловодск айылындагы 28 кесиптик лицейден Элдар Бакиров “Ширетүү технологиясыкатегориясында күч сынашат.

Алар 2024-жылдын февраль айында Билим берүү жана илим министрлиги, KASEF коомдук фонду тарабынан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөрдолбоорунун колдоосу менен өткөрүлгөн WorldSkills Кыргызстан I улуттук чемпионатынын жеңүүчүлөрү.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги жана KASEF коомдук фонду катышуучуларды эл аралык сынакка мурунку сынактардын тест долбоорлору боюнча практика жана WorldSkills уюмунун башка мүчөлөрү менен консультациялар түрүндө даярдоону уюштурду.

WorldSkills Lyon-2024 чемпионатында 70ге жакын өлкөдөн жана аймактардан келген 1400 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргыз Республикасы WorldSkills эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болгон.

WorldSkills чемпионатынын ачылыш аземин https://worldskills2024.com/en/live-streaming/ сайтынан түз эфирде көрүүгө болот

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар