12 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРЛУГУНА АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Сентябрь 2024 ж. 12:14

Көрүлдү: 655

Билим берүү жана илим министрлиги 12 кесиптик лицейдин директорунун бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

post.title

Тизме

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Өздүк арыз;
  2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
  3. Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
  4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн  билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же  иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  7. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген  соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.
  10. Дело №.

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 9-сентябры

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2024-жылдын 20-сентябры саат 18.00гө чейин.

Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К. Тыныстанов көч., 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, каб. 219. 

Сурап-билүү телефону: 0312 62 05 09.

Толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/438/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар