КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ИНФОРМАТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРГА КАТЫШКАН ЖЫЛДАРДАГЫ ЭҢ МЫКТЫ ЖЫЙЫНТЫКТЫ КӨРСӨТҮШТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Сентябрь 2024 ж. 17:28

Көрүлдү: 745

Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, бир коло медаль жана ардак грамота менен сыйланышты.

post.title

“Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алды.

Балдарды олимпиадага машыктыруучулар – Медербек Осмонов, Кылычбек Урайымов, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккойонов даярдаган.

Жалпы командалык эсепте Кыргыз Республикасынын окуучулары 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти. 

XXXVI олимпиада 1-8-сентябрда Египеттин Александрия шаарында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин 2000-жылдан бери Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары информатика боюнча эл аралык олимпиадаларда бир күмүш жана 17 коло медалга ээ болушкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар