Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
6 Сентябрь 2024 ж. 11:25
Көрүлдү: 519
5-сентябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алуу графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Кайрылган жарандардын көбү ички жана сырткы миграциядан улам мектепке кабыл алуу, өзгөчө балдардын маселеси боюнча кайрылган ата-энелер болду.
Министр жарандардын маселелерин мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү башкармалыктарга тапшырма берип, ар бир кайрылуу дыкат териштирилип, мыйзам чегинде жардам берилерин билдирди.
Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996(312) 62-05-19