КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨН 9 КОЛЛЕДЖ ЖАНА 10 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Сентябрь 2024 ж. 17:57

Көрүлдү: 639

5-сентябрда Бишкек шаарында жана өлкөнүн аймактарында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин 9 колледж жана 10 кесиптик лицейдин салтанаттуу ачылышы болду.

post.title

Чүй облусунун Кант шаарындагы №25 кесиптик лицейинде өткөн ачылыш аземге билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Расул Абазбек уулу, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Бактыгүл Өмүрзакова, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев катышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, өлкөнүн экономикасынын негизги кыймылдаткычы катары башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле министр кесиптик лицейлердин базасында жаңы талап кылынган көндүмдөргө ээ болуу, өмүр бою билим алуу тенденциялары жөнүндө сөз кылды. 

Ачылышы болгон окуу жайларга кеткен сумма 430 млн сомду түзүп, анын 360 млн сому оңдоп-түзөө иштерине, 70 млн сому жабдууга жумшалган. 

“Жалпы 17 кесиптик лицейде жана 17 колледжде оңдоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары окутуунун жаңы методикалары иштелип чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюштурулуп, кабинеттер жана устаканалар жабдылып, окуу жана өндүрүштүк жабдуулар берилди”, - деп билдирди министрдин орун басары Расул Абазбек уулу.

Ачылышы болгон окуу жайлардын тизмеси: 

Бишкек шаарында: 
* К. Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи, 
* Бишкек техникалык колледжи,
* Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи.

Чүй облусунда:
* №106 кесиптик лицейи, 
* №25 кесиптик лицейи. 
 
Ош облусунда:
* Ош курулуш колледжи,
* №54 кесиптик лицейи.

Жалал-Абад облусунда:
* ЖАМУнун Майлуу-Суу колледжи,
* ЖАМУнун Кара-Көл колледжи,
* ОшТУнун Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык билим берүү колледжи, 
* Токтогул шаарындагы №39 кесиптик лицей, 
*Майлуу-Суу шаарындагы №76 кесиптик лицейи.

Ысык-Көл облусунда:
* №82 кесиптик лицей.

Нарын облусунда: 
* Нарын педагогикалык колледжи;
* №26 кесиптик лицей.

Баткен облусунда: 
* №57 кесиптик лицейи,
* №70 кесиптик лицейи.

Талас облусунда: 
* Талас агрардык-экономикалык колледжи.
* №6 кесиптик лицейи.

Белгилей кетсек, аталган иштер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан
Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жасалды. Долбоор жалпысынан 17 кесиптик лицейге жана 17 колледжге колдоо көрсөтүп келет.

Долбоор инклюзивдик кесиптик билим берүү системасын түзүүгө багытталган. Ал кесиптик-техникалык билим берүүнү башкарууну жана каржылоону күчөтүү, эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди окутуу, кесиптик даярдоонун сапатын жана шарттарын жакшыртуу, тармактык кызматташттыкты кеңейтуу жана бүтүрүүчүлөрдүн ишкердик көндүмдөрүн енүктүрүү боюнча багыттарды камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар