Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
5 Сентябрь 2024 ж. 12:58
Көрүлдү: 507
4-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал баштаган делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучулары окутуунун сапатын жакшыртуу, балдардын гармониялуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлорду талкуулашты.
Тараптар сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча демилгелерди ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.