ӨЛКӨДӨ АЙРЫМ МЕКТЕПТЕР АРАЛЫКТАН ОКУТУУГА ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Сентябрь 2024 ж. 17:58

Көрүлдү: 1407

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусу боюнча 5 мектеп соңку жаан-чачындан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу аралыктан (онлайн) окутууга өткөндүгүн маалымдайт.

post.title

Тагыраагы,

* Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 16-сентябрга чейин,

* Ак-Суу районунун Черик айылындагы Т.Мамбетакунов атындагы толук эмес орто мектеби 20-сентябрга чейин,

* Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектеби 15-сентябрга чейин,

* Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы орто мектеби,

* Ысык-Көл районунун Темировка айылындагы Э.Керимгазиев атындагы №1 орто мектеби аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Мындан сырткары,

* Бишкек шаарындагы №60 жалпы орто билим берүү мектеби,

* Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы А.Арыстанов атындагы орто мектебинин 5-11-класстары,

* Талас шаарындагы К.Дарданов атындагы №3 орто мектебинин 2-11-класстары жана №5 орто мектебинин 5-11-класстары,

* Талас облусунун Айтматов районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтманбетов атындагы орто мектеби ремонт иштерине байланыштуу онлайн окутууга өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар