“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ” СЫНАГЫНЫН КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮН ТАНДОО ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР КАБЫЛ АЛЫНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Сентябрь 2024 ж. 14:49

Көрүлдү: 1532

Билим берүү жана илим министрлиги “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын калыстар тобунун мүчөлүгүнө тандоо үчүн документтерди кабыл алууну жарыялайт.

post.title

Тандоо критерийлери жана негиздери:

* учурда кесиптик билим берүү уюмунда же кошумча кесиптик билим берүү уюмунда иштөөсү, (же)

* “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”, “Билим берүүнүн ардактуу кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” ардактуу наамдарынын болушу, (же)

* “Педагогика” илимий адистиктер тобу жана (же) финалдык сынактын катышуучулары окуткан тиешелүү предметтер боюнча илимий даражасынын болушу, (же)

* акыркы үч жылдагы “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү.

Калыстар тобунун бардык талапкерлери тиешелүү документтерди (дипломдор, сертификаттар ж.б.) беришет.

Мындан тышкары “Мастер-класс” жана “Сабак” конкурстук сыноону баалоо үчүн калыстар тобунун курамын түзүүгө окуткан предмети боюнча адистешкен эксперттерден, бүтүрүүчү класстардын окуучуларынан, ЖОЖдордун студенттеринен жана коомдук өкүлдөрдөн арыздар кабыл алынат.

Калыстар тобуна өзүн-өзү сунуштаган талапкерлер saltanat-omurkanova@mail.ru электрондук дарегине паспортунун көчүрмөсүн, резюмесин, кайсы топко жана предметке талапкерлигин (чоң калыстар тобуна, кичи калыстар тобуна же предметтик калыстар тобуна) көрсөтүү менен 2024-жылдын 13 сентябрына чейин жөнөтөт.

Тандалып алынган калыстар тобунун мүчөлөрүнө атайын билдирүү 2024-жылдын 20-сентябрына чейин жөнөтүлөт.

Толук маалымат: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №703 Токтому менен бекитилген ар жылдык “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурстарын өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 7-главасы.

Шилтемелер:

Токтом - https://cbd.minjust.gov.kg/7-22934/edition/1406/kg

Жобо - https://cbd.minjust.gov.kg/46-3658/edition/1409/kg

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар