ОКУУЧУЛАРДЫН КАТЫШУУСУ МЕНЕН МАДАНИЙ-МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮНҮН ТАРТИБИ БЕКИДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

4 Сентябрь 2024 ж. 11:35

Көрүлдү: 1452

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу жөнүндө” буйругу бекиди.

post.title

Буйрук КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №520 “Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” Токтомун аткаруу максатында чыкты.  

Токтом ылайык окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чаралар Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын (социалдык жана билим берүү чөйрөлөрү боюнча) макулдугу жана Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт.

Жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чаралар БИМдин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен өткөрүлөт.

Иш-чараны пландоодо окуучулардын ден соолугуна, өмүрүнө, психикасына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган тобокелдиктер аныкталган учурда иш-чаранын маанилүүлүгүнө карабастан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынат.

Иш-чараны өткөрүү үчүн жалпы жоопкерчилик уюштуруучуларга жүктөлүп, уюштурууда Тартипти жана талаптарды бузган адамдар тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

Токтом Эркин-Тоо” гезитине 2024-жылдын 30-августунда жарыяланган https://erkin-too.kg/wp-content/uploads/2024/08/30_08_compressed.pdf, ал расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Токтом

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар