МИНИСТР КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИНИН ЖАҢЫ ТӨРАГАСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Сентябрь 2024 ж. 17:51

Көрүлдү: 554

3-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин жаңы төрагасы Ибрахим Чапак менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда тараптар эмгек рыногу талап кылган адистиктер боюнча кадрларды даярдоо, студенттерге кыргыз тилин окутуу, педагогикалык окуу жайлардын окутуучулары үчүн кыска мөөнөттүү семинар, окутууларды уюштуруу, Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылына мугалимдерди жиберүү боюнча пикир алышты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева “Манас” университети сапаттуу кадрларды даярдоо менен эки өлкөнүн достугун чагылдырган данакер окуу жай экендигин белгилеп, Түркиянын алдыңкы өнүккөн билим берүү технологиялары, 12 жылдыкка өтүү жана кесиптик билим берүү жаатындагы тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экендигин билдирди.

Төрага Ибрахим Чапак сентябрь айынын ортолорунда Камкорчулар кеңешинин биринчи жыйыны өтөрүн жана анда карала турган темалар бекигендигин айтты. Алардын арасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин учурдагы ректорунун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы ректорду дайындоо маселеси бар экендигин кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар