МИНИСТРЛИККЕ 50 МЕКТЕП АВТОБУСУНУН АЧКЫЧЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

3 Сентябрь 2024 ж. 12:15

Көрүлдү: 1423

2-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигине Бишкек шаарындагы жана алыскы райондордогу мектептерге окуучуларды ташуу үчүн 50 автобустун ачкычы тапшырылды.

post.title

Автобустарды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Ошондой эле салтанатка КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, РФнын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Борис Чернышов, РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаты – «Евразия» АКУ Кеңешинин Төрайымы Алена Аршинова, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Талантбек Иманов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Мектеп автобустары “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан берилди. Автобустар заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылып, отургучтардын сыйымдуулугу 20-22 орунду түзөт.

Учурда автобустарга эң көп муктаж болгон мектептерге бөлүштүрүү иштери жүрүүдө.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар