РЕСПУБЛИКАНЫН АЛЫСКЫ АЙМАКТАРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕРГЕ 50 АВТОБУС БЕРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Сентябрь 2024 ж. 13:40

Көрүлдү: 1171

Пресс-анонс

post.title

2-сентябрда саат 17:00дө Т.Усубалиев атындагы аянтта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюмунун мектеп автобустарынын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлөт.

Министрлер Кабинети менен “Евразия”  автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимге кол коюу аземи пландаштырылган.

Келишимдин алкагында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму республикага заманбап коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган 50 мектеп автобусун өткөрүп берет.

Алыскы райондордогу балдар мектепке ыңгайлуу шартта жете алышат.

Убактысы:  2024-жылдын 2-сентябры, саат 17:00.

Жери: Бишкек ш., Т.Абдымомунов көчөсү 205, Т.Усубалиев атындагы аянт (эски аянт).

Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүльмира Уметалиева,  0554 445 566 / 0312 62 35 91

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар