МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫ “КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН ТҮПТӨГӨН АТАЛАР” ТЕМАСЫНДА ОКУУЧУЛАРГА АЧЫК САБАК ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Сентябрь 2024 ж. 10:23

Көрүлдү: 1562

Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды.

post.title

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында жана жаңы окуу жылынын башталышына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов борбордогу Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында ачык сабак өтүүдө.

Zoom платформасы аркылуу өтүп жаткан сабакка билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана 100 мектептен миңдеген окуучу катышууда.

Сабактын максаты – билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жөнүндө маалымат берүү, мындан тышкары, балдарга билимдин маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруу болуп эсептелет.

“Мектептерде окуучулардын илимий-техникалык жактан билимин көтөрүү менен бирге улууларды, устаттарды урматтоого, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын аздектөөгө, кыргыз тилин так билүүгө маани берилүүдө”, - деди мамлекеттик катчы.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар