ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛЫП, МЕКТЕПТЕРДЕ БИРИНЧИ КОҢГУРОО КАГЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Сентябрь 2024 ж. 9:55

Көрүлдү: 1211

Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды.

post.title

Биринчи сабак 1-4-класстарга “Билим – бул күч” темасында, 5-11-класстын окуучуларына “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өтүлүүдө.

Республика боюнча 2173 мамлекеттик, 204 жеке менчик мектеп бар. Анда 1,5 млнго жакын окуучу билим алып, 90 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

2024-жылы 431 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 27 жаңы мектеп курулду.

Белгилей кетсек, быйыл 1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен, жаңы окуу жылы 2-сентябрдан башталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар