Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
1 Сентябрь 2024 ж. 9:07
Көрүлдү: 1384
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын 1-сентябрь – Билим күнүнө карата куттуктоосу
Кадырлуу мугалимдер!
Кымбаттуу окуучулар, студенттер жана ата-энелер!
Сиздерди 1-сентябрь – Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм!
Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракеси менен катар агартуу тармагынын негизделгенине кылым толду. Жүз жыл аралыгында кыргыз эли туташ сабатсыздыктан, илимий-техникалык жетишкендикке жетүү менен заманбап билим берүү системасын түптөй алды.
Мамлекет башчы Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевге “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” наамын ыйгарды. Бул тизмеде алгачкы агартуучулардын бири Ишенаалы Арабаевдин болгондугу чоң сыймык. Өлкөбүздүн билим берүү тармагынын өнүгүшүндө Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Базаркул Данияров, Осмонкул Алиев, Константин Юдахин сыяктуу агартуучулардын эмгеги баа жеткис.
Учурда билим берүү тармагын мындан ары алдыга жылдыруу, дүйнөлүк билим берүү системасына теңөө, сапатты жогорулатуу максатында “Алтын казык” мамлекеттик программасын ишке ашырууга бел байладык. Мында мектепке чейинки билим берүүдөн тартып илимге чейин трансформациялоонун негизги багыттары камтылган.
Президент Жапаров Садыр Нуркожоевич билим берүүдөгү аракеттерди кош колдоп, таланттуу балдар үчүн “Акылман” Президенттик лицейин, илим-билимге умтулган жаштар үчүн “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын негиздеди.
Агартуу тармагынын кылымдык майрамына белек катары кыргызстандык окуучу Назар Кыргызбаев математика боюнча эл аралык олимпиадада алтын медаль тагынып, тарых жазды. Бул бардык ийгиликтердин башатында билим турарынын далили. Билимдүү адам – биздин башкы байлыгыбыз. Кыргызстандын бакубат келечеги – дени сак, акылы тунук, ак-караны ажырата билген, ар-намыстуу жана кайраттуу муундун колунда.
Ардактуу мугалимдер менен тарбиячылар, окуучулар менен студенттер, камкорчулар менен демөөрчүлөр, дегеле билим берүү тармагынын келечегине кайдыгер карабаган жалпы жарандар мааракелүү билим майрамыңыздар менен!
Ар бир баланын сапаттуу билим алышы үчүн бир болуп, бирге аракеттене берели!