КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН САНЫ, ТИЛДИК АР ТҮРДҮҮЛҮК

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Август 2024 ж. 16:39

Көрүлдү: 807

Кыргызстанда бүгүнкү күндө жалпы 2377 мектеп бар, анын ичинен мамлекеттик – 2173, жеке менчик – 204. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27 мектепке көп.

post.title

Жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын саны 1 миллион 491 миң (1-11-класс). Бул 2023-жылга салыштырмалуу 43 миң балага көп.

Учурда Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окутуу беш тилде жүргүзүлөт: кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик.

1668 мектепте окутуу бир тилде жүргүзүлөт, тагыраагы, кыргыз тилинде – 1368 мектепте, орус тилинде – 274, өзбек тилинде – 18, тажик тилинде – 3,  англис тилинде – 5.

Мындан тышкары 709 мектепте аралаш тилде, анын ичинен 548 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт.

Бишкек шаары боюнча 121 мектептин 16сында кыргыз тилинде, 20сында орус тилинде, 85де аралаш тилде окутулат.

Ош шаарында 71 мектеп бар (администрациялык-аймактык реформадан соң), анын ичинен кыргыз тилинде – 10 мектепте, орус тилинде – 1, кыргыз-орус тилдеринде – 32, кыргыз-орус-өзбек тилдеринде – 28.

2024-2025-окуу жылына карата орус тилдүү билим берүү мекемелеринде 307 кыргыз класстарын ачуу пландалууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар