БҮГҮН ӨЛКӨ БОЮНЧА 25 МЕКТЕП, 13 БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Август 2024 ж. 16:23

Көрүлдү: 1400

30-августта Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы болду.

post.title

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка орто мектеп-гимназиясынын 500 орунга ылайыкталган кошумча имаратынын ачылышына катышса, министрдин орун басарлары Лира Самыкбаева Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясынын кошумча 225 орунга ылайыкталган имаратынын, Муратбек Касымалиев Чүй районунун Ибраимов айыл аймагынын Кошой айылындагы 225 орундуу орто мектептин ачылыш аземинде барды.

Жалпысынан бүгүн өлкө боюнча 25 мектеп жана 13 бала бакча ачылды.

Алар:

  • Ысык-Көл облусунда – 3 мектеп, 4 бала бакча.
  • Талас облусунда – 1 мектеп, 1 бала бакча,
  • Ош облусу – 4 мектеп, 1 бала бакча,
  • Жалал-Абад облусу – 6 мектеп, 3 спорт комплекс, 7 бала бакча,
  • Чүй облусунда – 1 мектеп, 1 мектептин кошумча имараты,
  • Нарын облусу – 3 мектеп,
  • Бишкек шаарында – 1 мектептин кошумча имараты,
  • Баткен облусунда – 2 мектеп.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар