КЕЧКИ ЖАНА СЫРТТАН ОКУГАН МЕКТЕПТЕР ҮЧҮН 2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫНА ОКУУ ПЛАНЫ БЕКИТИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Август 2024 ж. 16:16

Көрүлдү: 589

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окутуучу формаларындагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу пландарын бекитти.

post.title

Окуу пландары базистик окуу пландарына ылайык түзүлүп, билим берүүнүн бул формаларын тандаган окуучулар үчүн сапаттуу билим берүү процессин камсыз кылууга багытталган.

Бекитилген окуу пландарынын негизги пункттары:

* Окуу процесси 5 күндүк иш жумасы боюнча, ал эми сырттан окуу сессиялык режимде жүргүзүлөт.

* 6-8 жана 10-класстардын окуучулары үчүн эмгек көндүмдөрүн жана кесиптик ишмердүүлүккө болгон кызыгууну өнүктүрүүгө багытталган эмгек практикасы киргизилген.

* Окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталып, 2025- жылдын 26- майында аяктайт, окуу жылынын узактыгы класска жараша 34төн 36 жумага чейин өзгөрөт.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери бул пландарды жер-жерлерде ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.

БУЙРУК- ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар