Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
29 Август 2024 ж. 10:41
Көрүлдү: 461
28-августта Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук аккредитациялык кеңештин жаңы курамдагы биринчи жыйыны министрдин орун басары, кеңештин төрайымы Лира Самыкбаеванын жетекчилиги алдында өттү.
Жыйында Кеңештин жаңы курамы Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесин аткаруу максатында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы №246 “Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген укуктук ченемдик актылар менен таанышты..
Ошондой эле отурумда Улуттук аккредитациялык кеңештин сентябрь-декабрь айларына карата иш планы кабыл алынып, аккредитациялык агенттиктердин аккредитациялоо жүргүзүү менен байланышкан документтеринин ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келишин талдоо маселеси каралды.