Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
28 Август 2024 ж. 15:37
Көрүлдү: 350
21-августтан 28-августка чейин “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын тарбиялануучулары Түркиянын Бурса шаарындагы “GUHEM” борборунда Космостук изилдөөчүлөр академиясынын билим берүү программасына катышышты.
Жаш изилдөөчүлөр өздөрүнүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүн космостук симуляторлордо сынап, обсерваторияга барып, лабораторияда типтүү эмес шарттарда өсүмдүктөрдүн өсүшүн байкап, космонавттардын даярдыгы жана иши менен таанышышты.
Ошондой эле мектеп окуучулары башка өлкөлөрдөн келген теңтуштары менен таанышып, англис тилинде баарлашуу практикасын жакшыртышты.
Белгилей кетсек, GUHEM (Gökmen Uzay Havacılık Eğitim Merkezi) — бул космостук жана авиация тематикасындагы билим берүү борбору. Шилтеме - https://www.guhem.org.tr/en/hakkimizda