Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
26 Август 2024 ж. 17:33
Көрүлдү: 575
Бүгүн, 26-августта Ош облусунда мугалимдердин жыл сайын өтүүчү август конференциясы өттү.
Кеңешмеге Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери, жогорку окуу жайларынын ректорлору, Ош билим берүү институтунун кызматкерлери, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик админстрациялардын башчылары катышты.
Министр Догдуркүл Кендирбаева "Алтын казык" программасынын негизги максаттарын жана милдеттерин кеңири баяндап берди.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, жылдын мыкты мугалимдерине, жылдын мыкты тарбиячыларына, жылдын мыкты билим берүү мекемелерине жана эмгек сиңирген ардагерлерге белектерди тапшырды.
Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева 2023-2024-окуу жылындагы жетишкендиктерге токтолуп, алдыдагы пландар боюнча презентация жасады.
Казакстандагы Назарбаев университеттин профессору Дүйшөнкул Шаматов, Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү, КРдин эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилканов баш болгон спикерлердин катышуусунда “Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор” аттуу панелдик талкуу өткөрүлдү.
Кеңешмеде заманбап билим берүү системасындагы жаңылыктар, реформалар, ошондой эле мектеп программаларынын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.