БҮГҮНКҮ КҮНДӨ МАМЛЕКЕТТИК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН КИТЕПКАНА ФОНДУНДА 11 МЛН 816 МИҢ 255 ОКУУ КИТЕБИ БАР

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Август 2024 ж. 15:22

Көрүлдү: 1654

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди кеминде 147 аталыштагы окуу китеби менен камсыз кылуу зарыл.

post.title

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-2022-жылдар аралыгында окуучулардын саны 1 млн 12 миң 303төн 1 млн 447 миң 717ге чейин өскөн (башкача айтканда, 435 414 балага).

Ошентип, мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына, предметтик стандарттарга жана окуу программаларына ылайык мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн 236 миң 466 нускада окуу китеби керек. Анын ичинен:

* кыргыз класстар үчүн – 9 млн 625 миң 380 нуска ,

* орус класстар үчүн – 6 млн 716 миң 400,

* өзбек класстар үчүн – 852 миң 748,

* тажик класстар үчүн – 41 миң 938.

Акыркы 2 жылда жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 млн сом каралган. 2023-2024-жылдары жалпысынан 1 млн 167 миң 935 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалып, “Учкун” ААКнын басмаканасында басылып чыкты. Андан тышкары 2 млн 238 миң сомго 270 комплект (1 650 том) окуу китептери Брайль ариби менен даярдалып, басылды.

Бул каражаттардын ичинен 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча объективдүү себептерге байланыштуу 16 миллион 271 миң 162 сом республикалык бюджетке кайтарылган.

Сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылдын 6-июнунда Сингапурдун Marshall Cavendish басмасынан математика (алгебра, геометрия), илим (табият таануу, физика, химия, биология), англис тили предметтери боюнча иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерге мөөнөтсүз лицензия алынды. Бүгүнкү күндө бул китептер англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которулууда. Бул китептер эки жылдын ичинде даярдалып, жетиштүү нускада басылат. Ошону менен катар алардын электрондук версиялары да даярдалат.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 млн 816 миң 255 окуу китеби бар (бул жалпы керектөөнүн 68,5 % түзөт).

Министрликтин төмөнкү билим берүү ресурстарынан окуу китептерин таба аласыздар:

- Электрондук китепкана: https://kitep.edu.gov.kg/kg;

- Билим булагы: https://bb.edu.gov.kg/index.php/

- Айбилим: https://ibilim.edu.gov.kg/kyr/index.html

Бул акысыз ресурстар бардык кызыкдар жактар үчүн жеткиликтүү.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар