КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ 274 БАЛА БАКЧАДА ОҢДОО ИШТЕРИ АЯКТАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Август 2024 ж. 13:18

Көрүлдү: 1494

Кыргызстанда түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 274түндө оңдоп түзөө иштери аяктап, бардык керектүү болгон жабдыктар жеткирилип берилди.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун алкагында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун түзүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим алууга тартылат.

Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан сунушталган имараттарды, бөлмөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен санитардык-гигиеналык шарттарды түзөт. Заманбап бакча үчүн керектүү болгон бардык жабдыктар, куралдар менен камсыздайт: килем, оюнчук, эмерек, балдар үчүн өнүктүрүү куралдары, балдар аянтчасы, тарбиячылар үчүн колдонмолор. Мындан сырткары бул бакчаларда иштей турган 800дөн ашык тарбиячы «Балалык» программасы боюнча окутуудан өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, кыска мөөнөттүү 560 бакчанын алгачкысы 2023-жылдын март айында ачылган.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар