МУГАЛИМ БОЛГУҢУЗ КЕЛЕБИ? МИҢДЕН АШЫК ОРУН БОШ ТУРАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

23 Август 2024 ж. 16:23

Көрүлдү: 654

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана мектептер бош кызмат орундарына мугалимдерди кабыл алышат.

post.title

Билим берүү бөлүмдөрүнүн 20-августка карата берген маалыматына караганда, мектептерге 1335 мугалим керек:
* Бишкек шаары – 493,
* Чүй облусу – 292,
* Баткен облусу – 137,
* Жалал-Абад облусу – 110,
* Ысык-Көл облусу – 115,
* Ош облусу – 58,
* Талас облусу – 71,
* Ош шаары – 42,
* Нарын облусу – 17.

Эң чоң суроо-талап окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерге, ошондой элематематика, информатика, физика, орус жана англис тилдери боюнча мугалимдерге жогору.

Педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу үчүн жыл сайын бюджеттик бөлүмдөрдүн бүтүрүүчүлөрүн педагогикалык ЖОЖдор жана КООЖдор региондор боюнча бөлүштүрүшөт. Ошентип, 15-августтан тарта жаш мугалимдер мектептерге бөлүштүрүүгө ылайык кабыл алынат.

Белгилесек, каалоочулар бош орундар тууралуу актуалдуу маалыматтарды билим берүү бөлүмдөрүнөн жана мектептерден биле алышат.

Эскерте кетсек, коррупциялык иш-аракеттер болгон учурда сиз арызыңызды билим берүү жана илим министрлигинин edu@mail.gov.kg электрондук дарегине же +996(312) 62-05-19 ишеним телефон номерине билдирсеңиз болот.

Мугалимдер үчүн жумуш порталы - https://mugalim.edu.gov.kg/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар