АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ НАРЫН ОБЛУСУНДА УЛАНУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Август 2024 ж. 17:46

Көрүлдү: 363

2024-жылдын 21-августунда Нарын облусунда билим берүү системасынын жыл сайын өтүүчү август конференциясы башталып, ага 200дөн ашык катышуучу, анын ичинде билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана администрация өкүлдөрү катышты.

post.title

Иш-чара Ж. Шералиев атындагы музыкалык мектепте өттү.

КР Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган 12 жылдык мектепте билим берүүнүн моделине өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал педагогдорду жаңы идеяларга жана инновацияларга ачык болууга чакырып, салттуу ыкмаларды заманбап технологиялар менен айкалыштыруу зарылдыгын белгиледи.


Конференцияда билим берүүнү санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мугалимдердин жана окуучулардын санариптик портфолиосун түзүү, улуттук кадрлар резервин түзүү, санариптик сертификатты жана LMS билим берүү платформасын киргизүүнү камтыган программа сунушталууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар