КЫРГЫЗСТАН-РОССИЯ: КЫЗМАТТАШТЫКТЫН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Август 2024 ж. 18:02

Көрүлдү: 478

Билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкесинин экинчи күнүндө Сколково илим жана технология институтунун вице-президенти Алексей Ситников “Дос мамлекеттерде компетенциялар менен технологияларды өнүктүрүү боюнча заманбап борборлордун эл аралык тармагын түзүү” темасында презентация жасады.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен компетенцияларды баалоо борборлорунун жумушун баалоо, сертификаттарын таануу, жумуш берүүчүлөр, ЖОЖдор жана ар түрдүү ассоциациялар ортосунда иштиктүү байланышты күчөтүү боюнча маселелер талкууланганын билдирди.

Ошондой эле министрдин орун басары Кыргызстандын көз карандысыз сертификация жана валидация борбору бүгүнкү күндө 100дөн ашуун адамды валидация процессинен өткөргөнүн кошумчалады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар