ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖОЖдоруна ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕР 24-АВГУСТКА ЧЕЙИН КАБЫЛ АЛЫНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Август 2024 ж. 17:42

Көрүлдү: 792

Билим берүү жана илим министрлиги Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында мамлекеттик гранттын негизинде Кыргызстандын жарандарын Өзбекстандын ЖОЖдорунда окутуу үчүн 100 орунга квота бөлүнгөнүн билдирет.

post.title

Өзбек тарап 2024/2025-окуу жылында Кыргызстандан студенттерди бакалавриат программаларына кабыл алууга даяр. Окутуу өзбек, орус жана каракалпак тилдеринде жүргүзүлөт.

 Документ жиберүүнүн соңку мөөнөтү 2024-жылдын 24-августу. Талапкерлердин тизмеси nurmatova.altynai@inbox.ru электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. Толук маалымат үчүн байланыш номерлер: 0702 756 756, 0312 662198.

Документтер тизмеси.

Буйрук.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар