Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
12 Август 2024 ж. 10:05
Көрүлдү: 458
Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн иш берүүчүлөр ассоциацияларынан 1 орунга ачык конкурс жарыялайт.
Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде электрондук почталар: edu@mail.gov.kg же minedukg@gmail.com аркылуу жөнөтөт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 12-августунан 15-август саат 18.00гө чейин.
Байланыш телефону: (0312) 66-22-87; 0-550-247-282, саат 9:00дөн – 18:00гө чейин.
Толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/430/