БРАЙЛ АРИБИ МЕНЕН МЕКТЕП ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Август 2024 ж. 15:44

Көрүлдү: 695

Бишкек жана Ош шаарларындагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп-интернаттарына Брайл ариби менен окуу китептери жеткирилди.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 30 комплект орус тилиндеги рельефтик-чекиттик шрифттер менен окуу китептерин басып чыгаруу жана нускалоо боюнча кызматтарды сатып алды:

1) Фатнева А.Г., Цуканова Н.Э., Назарбекова Г.Д. Англис тили. 3-кл.
2) Цуканова Н.Э., Фатнева А.Г., Жолчиева А.А. Англис тили. 4-кл.
3) Абдышева Ч., Балута О. Англис тили. 5-кл.
4) Абдышева Ч., Балута О. Англис тили. 6-кл.
5) Цыбуля И.Н., Самыкбаева Л.А., Беляев А.А., Осипова Н.Н., Мамбетакунов У.Э. Информатика. 7-9-кл.
6) Азимова М., Арунова А., Маслова И. Адам жана коом. 7-кл.
7) Азимова М., Арунова А., Маслова И. Адам жана коом. 8-кл.
8) Мамбетакунов Э., Мурзаибраимова Б. Физика. 7-кл.
9) Рыспаева Б., Молдогазиева С., Байдинов Т. Химия. 8-кл.

Окуу китептеринин жалпы нускасы 270 комплект же 1650 томду түзөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар