Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
8 Август 2024 ж. 9:53
Көрүлдү: 1770
Билим берүү жана илим министрлиги акыркы эки жылда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 59 миңге жакын мугалимдин кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатты.
Окутуулар 2023-жылдын февраль айынан башталган жана 2024-жылдын август айында аяктайт. Тренингдер гибрддик форматта - оффлайн жана онлайн режимде өтүп жатат:
Белгилей кетсек, тренингдердин максаты – окутуунун натыйжаларын жакшыртуу, мугалимдердин компетенттүүлүк деңгээлин жана педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү.
Бардык окутуу программалары мугалимдерди окутуу системасына киргизилген.