МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ НАРЫН ОБЛУСУНУН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Август 2024 ж. 19:20

Көрүлдү: 1671

Бул күндөрү Нарын облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрликтердин өкүлдөрү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

post.title

Жыйындарга билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышууда. 

Анын айтымында, эки жыл мурун жергиликтүү калктын суроолору мектептердин курулушуна тиешелүү болсо, учурда маданий борборлорду жана бала бакчаларды түзүүгө чоң кызыгуусун билдиришүүдө.

Министрлик өзгөрүүлөргө натыйжалуу жооп кайтаруу жана өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн калктын муктаждыктарын жана сунуштарын тыкыр иликтөөнү улантууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар