ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ДАЯРДЫК ТЕКШЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

7 Август 2024 ж. 18:59

Көрүлдү: 727

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-жаңы окуу жылына карата билим берүү уюмдарынын даярдыгын текшерди.

post.title

Текшерүү жаңы курулуп жаткан, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган, ошондой эле бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлгөн кезектеги ремонт иштеринин сапатын кароо максатында уюштурулду.

2024-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин министрликтин кызматкерлери жана тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарынан түзүлгөн комиссия министрликтин 2024-жылдын 19-июлундагы № 1143/1 буйругунун негизинде жеринде иш алып барышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар