БАЛДАРДЫ 1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООНУН II ЭТАБЫ 30-АВГУСТКА ЧЕЙИН ЖҮРӨТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

5 Август 2024 ж. 11:43

Көрүлдү: 2512

Билим берүү жана илим министрлиги 3-июндан 30-августка чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына балдарды электрондук каттоонун II этабы жүрүп жаткандыгын эскертет.

post.title

Экинчи этапта каттоо катталган жерине карабастан, бош орундары бар мектепке жүргүзүлөт.

Баланы каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү мектепке жана бала бакчага
балдарды кабыл алуу боюнча mektep.edu.gov.kg маалыматтык система аркылуу өтүнмө жибере алышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар