Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
7 Февраль 2022 ж. 20:18
Көрүлдү: 1647
2022-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын илим жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Иш-чарага министрликтин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева, эл аралык кызматташтык жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башчысы Айзада Апышевалар да катышты.