КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ IChO - 2024 ХИМИЯ БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Июль 2024 ж. 11:26

Көрүлдү: 1585

Химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада (56th International Chemistry Olympiad) UWIS Эл аралык мектебинин Иван Решетников коло медаль, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамота алды.

post.title

IChO-2024кө кыргыз курама командасында ошондой эле Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Нурхан Турдубаев жана “Сема” Ош лицейинин 10-классынын окуучусу Максатбек Кахраманов катышты.

Команда жетекчилери – Дооронбек Маметов, Нурсултан Соодонбеков жана Сарвар Хайдаров.

Белгилей кетсек, химия боюнча эл аралык олимпиада 22-29-июлда Сауд Арабияда өттү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар