КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КЫЗ ПРОГРАММАЛОО БОЮНЧА ЕВРОПА ОЛИМПИАДАСЫНДА КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Июль 2024 ж. 10:34

Көрүлдү: 1594

Программалоо боюнча кыздардын Европа олимпиадасында Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева коло медаль, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алды.

post.title

21-июлдан 27-июлга чейин 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу кыздардын информатика боюнча Европа олимпиадасына катышты (European Girls' Olympiad in Informatics).

Кыргыз курама командасынын жетекчилери – №61-АФММЛ ОКнын  информатика боюнча олимпиаданын машыктыруучусу Артем Беляев жана "Сапат" олимпиада борборунун информатика боюнча машыктыруучусу Кылычбек Урайымов.

Окуучулардын олимпиадага катышуусуна  Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жана Спорттук программалоо федерациясы демөөрчүлүк кылган.

 Жыйынтыктар : https://egoi23.se/scoreboard/2024/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар